Жээнбеков Назарбаев менен сүйлөштү. Ортодо эмне кеп болду?

Баарлашуу телефон аркылуу болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу маалымат Елбасынын расмий сайтына жарыяланды.

Жээнбеков: Россия менен бирге алдыга жылгыбыз келет
Пикир алышуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуунун өнүгүүсүн белгилешти.

Мындан тышкары, аймактагы маанилүү маселелер талкууланганы айтылат.

Жээнбеков менен Назарбаев эки элдин кызыкчылыгы үчүн кыргыз-казак мамилелерин мындан ары тереңдетүү боюнча макулдашышкан.