Японияда ысыктан улам 11 адам каза болду

Салкын аба ырайынан кийин аптаптуу ысыктын келиши япониялыктарга түйшүк жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Япониянын бүт аймагында күн катуу ысып кеткендиктен бир жумада, 22-июлдан 28ине чейин, 11 адам каза болуп, 5664 адам ооруканага жеткирилди. Бул туурасында РИА Новости Япониянын Өрт өчүрүү башкы башкармалыгына таянуу менен билдирди.

ӨКМ мээ кайнаткан ысык канчага чейин уланарын айтты
Аптаптан улам ооруканага түшүп жаткан адамдардын саны мурунку жумага салыштырмалуу үч эсеге көбөйгөн. Буга июль айынын ортосуна чейин салкын болуп туруп, абанын температурасы кескин жогорулап кеткени себеп болгон.

Японияда соңку 30 жылдан бери алгачкы ирет жайдын ортосуна чейин абанын температурасы төмөн болуп турганы айтылат. Ал эми күндүн табы жогорулап кеткенде көпчүлүк жабыркаган.