"Танк биатлону – 2019". Кыргызстандын курамасы күчтүү тайпага түштү

Иш-чаранын расмий ачылышы 3-августта өтөт. Мелдешке 25 өлкөнүн мыкты танк экипаждары катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлигинин "Алабино" аскердик полигонунда жетинчи эл аралык "Танк биатлону" чемпионатынын катышуучулары чучу кулак кармашты. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстандын курамасы көк түстүү гильзаны алып, Россия, Армения жана Иран командалары менен бир тайпага түштү.

"Танк биатлону" 17-августка чейин уланат. Кыргызстандын үч экипаждан турган командасы 29-июлдан тарта ѳздѳрүнѳ берилген техниканы сыноодон өткөрүүдө. Ошондой эле жарыш ѳтүүчү 12 чакырым жолду карап чыгышты.

Исабеков: КРдин армияны каржылоо системасы башка өлкөлөргө үлгү
Иш-чаранын расмий ачылышы 3-августка белгиленген. Мелдешке 25 өлкөнүн мыкты танк экипаждары катышат. Танкисттер ок атуу менен коштолгон ылдам жүрүү эстафета түрүндѳгү жарыштарда күч сынашат. Кыргызстандын командасын полковник Виктор Косачев машыктырууда.

Бул жылы Кытайдын (Т-96В), Белоруссиянын (Т-72БМЭ) командалары мелдешке ѳздѳрүнүн танкалары менен катышууну каалаган. Калган командалар Россиянын Т-72БЗ танктары менен жарышка түшөт.