Жээнбеков гемодиализ кызматын көрсөткөн жеке медуюмдарды салыктан бошотту

Азыркы учурда 12 менчик медициналык уюмда 1336 бейтап гемодиализ кызматын колдонуп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Маалыматта аталган мыйзамдын негизинде Салык кодекси 2515-берене менен толукталды.

"Бөйрөктүн терминалдык баскычтагы (илдеттин IV стадиясы — ред.) өнөкөт жетишсиздиги бар адамдарга гемодиализ кызматын көрсөтүү берими кошумча нарк салыгынан бошотулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Гемодиализге Кыргызстандын канча акча коротору айтылды
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы учурда 12 менчик медициналык уюмда 1336 бейтап гемодиализ кызматын колдонуп жатат. Ошол эле учурда гемодиализ процедурасына муктаж болгон адамдардын саны көбөйүүдө.

КНС төлөөдө салык жеңилдиктерин берүү менчик медициналык уюмдарга гемодиализ аппараттарынын паркын, көмөкчү жабдууларды жаңылоого жана медициналык персоналдын квалификациясын жогорулатууга өбөлгө болот. Ошондой эле мамлекеттик медициналык мекемелерде адамдын өмүрү үчүн маанилүү болгон адистешкен медициналык жардам көрсөтүүгө муктаж болгондордун санын азайтууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.