Оштогу 100 жылдык тарыхы бар парктын оңдолушу. Сүрөт

Сейил бакты Эгемендүүлүк күнүндө ачуу пландалып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ош шаарында 100 жылдык тарыхы бар Токтогул Сатылганов атындагы паркты оңдоо иштери аягына чыгууда. Бул тууралуу калаанын мэриясы билдирди.

Бишкек жана анын кире бериши кантип өзгөрүп жатат? Мэриянын сүрөт отчёту
Мэр Таалайбек Сарыбашевдин тапшырмасы менен муниципалитеттин жумушчу комиссиясы жүрүп жаткан иштер менен таанышкан. Реконструкция 2018-жылы башталганы маалым.

Ушу тапта сейил бактын түштүк-батыш дубалы жасалгаланып жатат, эски курулуштар алынып, парктын жалпы аймагы жашылдандырылууда.

Сейил бакты Эгемендүүлүк күнүндө ачуу пландалып жатат.

Белгилей кетсек, тогуз гектар жерди ээлеген парк 1919-жылы ачылган.