Мушкер Бусурманкул Абдубаит уулунун беттешинин так убактысы айтылды

Кыргызстандык спортчу 20-июлда беттешмек. Бирок турнир Ингушетиядагы административдик өзгөрүүлөргө байланыштуу болбой калган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулунун M-1 уюмундагы кезектеги кармашы 30-августта Оренбург (Россия) шаарында өтмөй болду. Бул туурасында аталган уюмдун Instagram баракчасында айтылат.

Эске сала кетсек, Абдубаит уулу 20-июлда Ингушетиянын Таргим шаарында жергиликтүү спортчу Андрей Лежнев менен беттешмек. Бирок кийинчерээк М-1 уюму Instagram баракчасы турнир Ингушетиядагы административдик өзгөрүүлөргө байланыштуу өтпөй калганын билдирип, спорт күйөрмандарынан кечирим сураган.

Кыргызстандык мушкер Бакуда мелдешке чыкпай туруп чемпиондук кур тагынды
Эми кыргызстандык мушкер августтун аягында беттешмей болду. Атаандашы алмашкан жок.

Бусурманкул Абдубаит уулу М-1 Global уюмунда 2017-жылдан бери күч сынашып келет. Алгачкы ирет бразилиялык Диего Давелло менен беттешип тең чыкса, кийинки реванш-кармашта Давеллону утуп алган. Ошондон кийин уюм спортчу менен эки жылга келишим түзүүгө кол сунган.

Соңку беттешинде М-1 уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивнич жана Залимбек Омаров аттуу мушкерлерди жеңген.

M-1 жыл башында кыргызстандык мушкер быйыл чемпиондук наам үчүн беттешүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирген.