Ленин чокусунда жоголгон россиялык туристти издөөгө тик учак тартылды

Турист акыркы жолу 27-июлда саат 18:40тар чамасында байланышка чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. 27-июлда Ленин чокусунан түшүп келе жатып, ошол бойдон дайынсыз болгон Россиянын жаранын издөөгө тик учак тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Эвересттеги онунчу өлүм. Ажалдуу тоого чыгуучулардын түгөнбөгөн кезеги. Видео
Кыргызстанга эс алганы келген Россия жараны 45 жашта. Ал акыркы жолу 27-июлда саат 18:40тар чамасында байланышка чыккан.

Учурда жоголгон туристти 12 куткаруучу жана бир тик учак издеп жатат.