БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. 31-июлда Бишкек шаарынын бир катар аймактарында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.
Мекеменин бригадасы көмөк чордондордо оңдоо иштерин жана башка жумуштарды аткарат.
Электр энергиясы болбой турган аймактар:
9:00дөн 17:00гө чейин — Жунусалиев көчөсүндөгү №78 үйдө;
9:00дөн 18:00гө чейин — Тоголок Молдо, Абдумомунов, Рыскулов, Коёнкөзов, Керимбеков, Фрунзе көчөлөрүнүн жана Манас проспектисинин айрым жерлеринде;
9:30дан 17:00гө чейин — Курулушчулар шаарчасында, Ак-Өргө конушунда, Юнусалиев, Койбагаров, Ахунбаев, Белорус, Кызыл-Адыр жана Термечиков көчөсүнүн бир бөлүгүндө;
9:30дан 18:00гө чейин — Тунгуч кичирайонундагы №59, 61-64, 64/1, 64/2, 65, 67, 68, 70 үйлөрдө, Чортеков, Бердиев, Алты-Түтүн, Эр-Тайлак, Камбар-Ата, Ойсул-Ата, Абдрахманов, Кызыл-Адыр, Жайыл баатыр, Арча-Бешик, Кара-Кужур, Шербет, Арча-Бешик көчөлөрүндө;
9:30дан 19:00гө чейин — Айтматов проспектисиндеги №80/1 үйдө;
10:00дөн 18:00гө чейин — Алтын-Ордо конушундагы №3, 4, 5, 6 көчөлөрүндө;
13:00дөн 17:00гө чейин — Байтик баатыр көчөсүндөгү №17/1 үйдө.