БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Алматылык ырчы Ксения Ашигалиева күйөөсү аны уурдап кетип, өлтүрүүгө аракет кылганын айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.
Окуя тууралуу маалымат Facebook тармагындагы тайпалардын бирине жарыяланган.
28-июлда Ксениянын күйөөсү тааныштары менен аны уурдап кетип, өлтүрүүгө аракет кылган деп айтылууда. Ырчынын берген көрсөтмөсүнө караганда, аны тааныш аял баласына вокалдан сабак берүү үчүн үйүнө чакырган. Келин кирип баратканда эшик алдынан белгисиз адамдар кол салып, башына желим баштык кийгизип, жер төлөгө алып киришкен.
"Ал күйөөсүн жана анын досторун үнүнөн тааныган. Аялды жер төлөгө сүйрөп кирип, сабап, колун кишендегенге аракет кылышкан. Келин аларга жалынып, үйдө баласы бар экенин айткан. Эркектер өз ара сөөктү кайда алып баруу керектигин сүйлөшүшкөн. Ксения күйөөсүнүн алдына чөгөлөп, коё берүүсүн өтүнгөн. Жолдошу бутун өптүрүп, андан соң машинага өзүң барып отурасың деп буюрган. Ксения ага макул болгон", — дешти укук коргоочулар.
Жер төлөдөн чыккандан кийин Ксения жолдун четинде турган отургучту кармаган бойдон турбай, жардам сурап кыйкырган. Көчөдөн өткөндөр ага жардам берген. Жарыяланган маалыматка ылайык, полиция келген учурда күйөөсү "бул үй-бүлөлүк чыр" экенин айткан. Аймактык полиция жабырлануучуну ички иштер бөлүмүнө алып келип, ырчы көрсөтмө берген.
Укук коргоочулар полиция Ксения Ашигалиеванын жана балдарынын коопсуздугун камсыздап, бул ишти жеке көзөмөлүнө алышы керектигин айтышууда.
Ырчы аялдын видео кайрылуусу YouTube сайтына жайгаштырылды.
Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы аялдын сабалышы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, бардык экспертизалар дайындалганын билдирди.
Айыпталып жаткан жаран да музыкант. Ал казакстандык белгилүү ырчы Парвиз Назаровдун тобунда гитарада ойнойт.