Радио

Байтиков: шаарда өткөрүлгөн автожарыштардан мэрия чыгымга учурайт

Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Баркалбас Байтиков калаада уюштурулуп жаткан спорттук унаалардын жарыштары боюнча атайын регламент иштелип жаткандыгын айтты.
Sputnik
Байтиков: шаарда өткөрүлгөн автожарыштардан мэрия чыгымга учурайт

Бишкек шаарында өткөрүлгөн автожарыштардан мэрияга эч пайда түшпөйт, тескерисинче, калаа жетекчилиги чыгымга учурайт. Бул тууралуу Баркалбас Байтиков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада спорттук темир тулпарлардын катышуусундагы мелдештерди өткөрүүгө ылайыктуу жай каралган эмес.

"Борбордо массалык түрдө уюштурулуп жаткан спорттук иш-чараларды өткөрүүгө мэрия муниципалдык мекеме катары көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Андай иш-чараларга биз шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпаш үчүн дем алыш күндөрү өткөрүүгө уруксат беребиз. Мындан сырткары, уюштуруу иштерине да кол кабыш кылабыз. Мисалы, тосмолорду жеткирип, атайын жол белгилерин чиебиз. Мунун баарына акча муниципалитеттин эсебинен жумшалат. Мындан улам атайын регламент иштеп чыгып жатабыз. Ага ылайык, шаар ичинде автожарыштарды өткөрүүнү каалаган тарап белгилүү бир өлчөмдө акы төлөөгө милдеттендирилет. Бул талаптар келерки жылдан тарта күчүнө кирет деп турабыз", — деди Байтиков.

Ошондой эле ал Бишкек шаарынын көчөлөрүндө спорттук унаалардын дрифт боюнча жарыштарын өткөрүүгө тыюу салынарын кошумчалады.