Аламүдүндө колу байланган 9 жаштагы кыз табылды. Сүрөт жана окуянын чоо-жайы

Тестиер 69 жаштагы таенеси менен жашай турганы маалым болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Милиция кызматкерлери "Подросток" деп аталган рейд учурунда Аламүдүн районунун Таш-Төбө айылында үйдөн колу байланган кыз табышкан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Айылда 26-июль күнү каттоодо турган тынчы жок бүлөлөрдү текшерүү иштери жүргөн. Үйлөрдүн биринен керебетте колу байланган тогуз жашар кыз табылган. Анын 69 жаштагы таенеси менен жашай турганы белгилүү болду.

"Аялдын айтымында, кыздын 41 жаштагы энеси иштейм деп Бишкекке кеткен бойдон дайынсыз. Небере кызын үйдөн качып, айтканды укпайт деген жүйө менен 14 жаштагы дагы бир небересине байлатып койгон. Кыздын атасы сегиз жыл мурун көз жумган болчу", — деп айтылат маалыматта.

Тестиер жарым жылга чейин Бишкектеги Балдарды коргоо борборунда болору тууралуу бүтүм чыкканы айтылды.