Чым-Коргондогу ооруканадан бейтап качып кетти. Сүрөт

Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, бейтап 2018-жылы соттун чечими менен Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага милдеттүү дарылануу үчүн жиберилген.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. 26-июлда Чым-Коргон айылындагы психиатриялык ооруканадан 20 жаштагы бейтап качып кеткен. Ал тууралуу маалымат 27-июлда Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. 

Чым-Коргондогу ооруканадан бейтап качып кетти. Сүрөт

Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, бейтап 2018-жылы соттун чечими менен Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага милдеттүү дарылануу үчүн жиберилген.

Өзгөчө белгилери: арыкчырай, акылы кем. Эгер кимдир бирөө анын жүргөн жерин билсе же көрүп калса, Кемин РИИБине 0(312) 60-75-67 телефону аркылуу кабарласа болот. Андан тышкары, 0 (702) 54-32-27, 0 (500) 05-88-06 же 102 телефондору аркылуу маалымдап коюшун суранат.