БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда эки автоунаа кагышып, жабырлануучулар бар экенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 28-июль күнү саат 16.38де Көк-Бел ашуусунда болгон (трассанын 374-чакырымы). Анда Honda Stepwgn менен Honda Accord сүзүшүп кеткен. Каргашадан төрт кишинин жабыркаганы белгилүү болду.
Окуя болгон жерде куткаруучулар менен Тез жардам кызматы иштегени айтылды.