Sputnik агенттигинин кыздары өзгөчө флешмобду колдоп чыгышты

Агенттиктин кыздары уз Калия Карашева тиккен көйнөк менен белдемчилерди кийишти.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун кыздары "Белдемчи" флешмобуна катышты. Бул иш-чара кол өнөрчүлөрдүн "Оймо" фестивалынын алкагында уюштурулган.

Агенттиктин кыздары уз Калия Карашева тиккен көйнөк менен белдемчилерди кийишти. Карашева унутта калган тигүү ыкмасын жандандырганы үчүн 2016-жылы ЮНЕСКОнун кол өнөрчүлөрдүн дүйнөлүк кеңешинин "Сапат белгисин" алган.

"Оймо" фестивалын жергиликтүү тургундар менен коноктор абдан жакшы көрөт. Жыл сайын бул фестивалды чыдамсыздык менен күтөбүз. Анткени ага Борбор Азиядагы, жакынкы жана алыскы мамлекеттердин кол өнөрчүлөрү өздөрүнүн кайталангыс эмгектерин алып келишет. Бул иш-чараны бешинчи жолу колдоп жатканыбызга абдан кубанычтамын", — деди Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина.

Кыргызстандын имиджин көтөрүү, туристтерди тартуу жана элдин маданий жана дипломатиялык байланышын чыңдоого багытталган фестиваль Бишкек шаарында 25-июлдан 28-июлга чейин өттү. Бул фестиваль 30-июлдан тарта 4-августка чейин Чолпон-Ата шаарында уланат.

Бишкектеги "Оймо" фестивалы кандай өтүүдө? Көз талдырган 11 сүрөт
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы ал редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуш кылат.