БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон сапары жыйынтыкталып, учуп кетти.
Рахмонду "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан президент Сооронбай Жээнбеков узатты.
Эске салсак, Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантышкан.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси талкууланды.