"Агам милиционерлердин ур-тепкисинен көз жумган"... 14 жыл акыйкат издеген Чыңгыз

2005-жылдын 3-майы Чыңгыз Сүйүнбаевдин эсинен кетпейт. Бул күнү бир тууган агасы милиционерлердин ур-токмогунан эсине келбей каза болгон. Бирок бул кылмыш иши кандайдыр бир себептер менен жабылып калган.
Sputnik

2019-жылдын 24-июлунда Кыйноого каршы борборунун жактоочуларынын жардамы менен Жогорку сот бул ишке чекит койду. 14 жыл акыйкат үчүн күрөшкөн жигит Sputnik Кыргызстан агенттигине атайын маек куруп кетти.

— Окуянын чоо-жайын баштан-аяк айтып бересизби?

— 2005-жыл 3-май. Бул күн эзели эсимен кетпейт. Турдубек байкемдин оозу-мурдунан кан куюлуп жатып калганы азыр да көз алдымда. Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке деген айылында жашачубуз. Үй-бүлөбүз менен талаа жумуштарында иштечү элек. Байкем деле дыйканчылык кылып, колу бошоп калса бирөөнүн үйүн шыбап иштей калчу. 3-май күнү баарыбыз иштегени адатынча талаага кеттик. Негизи тамакты апам жасап берчү, бирок ал күнү эжеси ооруп калып, агама талаага баргандарга тамак жасап кой деп тапшырма берип кетет. Апам кетери менен агамды милиция алып кетип, ур-токмокко алат.

Көрсө, биздин айылдагы бир киши агамды "жыгач эшик рамкамды уурдады" деп эки ай мурда милицияга арыз жазыптыр. Эптеп мойнуна алдыртып бергиле деп аларга пара да бериптир. 

"Агам милиционерлердин ур-тепкисинен көз жумган"... 14 жыл акыйкат издеген Чыңгыз

— Эмнеге? Агаңыз экөөнүн ортосунда талаш-тартыш болуптурбу?

— 2004-жылы байкем ал кишинин 70 метр дубалын салып берет. Эмгек акысын тиги киши толук бербей койсо байкем "бер" деп кекетип барган го. Ошону менен тиги киши жалган жалаа менен милицияга арыз таштап коюптур. Акчаны алган милиция эптеп аны күнөөсүн мойнуна алдырыш керек да. Агам салабаттуу, төрт-беш адамга жалгыз эле алы келе тургандай сөөк-саактуу адам эле. Алы жетпеген милиция агамды күнөөсүн мойнуна алдырыш үчүн райондук опер кызматкерлерине чейин сабатып жүрчү экен. Аларды биз билбептирбиз. Эч кимисинин агама алы келбей калганда акыры 3-май күнү баарылап милиция бөлүмүнө алдыртып алышып анан колу-бутун байлап сабашыптыр. Аябай токмоктогондон кийин үйгө таштап коюшат.

Бурулайдын атасы Кожоналиев: качанкыга чейин мансаптуулар бизди басмырлайт?!
Кеч кирип калган. Атам, агамдын баласы, мен болуп талаадан келип отурсак эле эшик шырп этип ачылды. Агам колун көкүрөгүнө алып, бутун сүйрөп босогодо турат. Алы жок. Баласы экөөбүз тура калып эле жөлөп барып жаткыздык. Атам жинденип "эртеден бери жоксуң, кайда жүрдүң" деп сураса, "Көчкөнбай милицияга арыз жазып коюптур, Жетиген алты милиция болуп сабады" деп калды. Анда деле жаман ой жок, атам "жөн жүргөн жоксуң да" деп койгон. Андан кийин ал сыртка чыгып кеткен. Өлөт деген ой жок, маани деле берген эмеспиз.

Баарыбыз үйдө отурганбыз, бир убакта сырттан байкемдин кыйкырган үнү чыкты. Чуркап чыксак оозу, мурдунан кан атып, жерде сулап жатыптыр. Барып эле өйдө көтөрө калсам катуу бир силкинди. Коркуп кетип жерге таштап жибердим.

Дароо милицияга чалсак, жооп беришкен жок. Мырзаке айылында Тез жардам да жок. Ошентип биз ызы-чууга түшкүчө байкем үзүлүп кетти.

Милиция телефонун албай жатканынан барсам, "байкең 15 мүнөт мурда эле кеткен" деди ошол жердеги нөөмөтчү. Көрсө, ал жердегилердин баары эмне болгонун билишет экен. "Шестерка" деген милицияга баарын жеткирип турган киши бар болчу. Башында ал атам экөөбүзгө окуянын чоо-жайын айтып, милициялар аны колу-бутун таңып алып сабаганын айтып берген. Аны атам диктофонго жаздырып алган. Бирок иш сотко өткөндө баарын танып, "мен оорукчанмын, жиндимин" деп мойнуна албай койду. 

"Агам милиционерлердин ур-тепкисинен көз жумган"... 14 жыл акыйкат издеген Чыңгыз

— Соттук-медициналык экспертизага текшертип алдыңар беле?

— Ооба, эртеси келип эле текшерип кетишкен. Алар бир да грамм заара, заңы жок, өпкө, мээсине кан толуп калган деген жыйынтык чыгарып беришти. Текшерген эксперт "чучугу толуп калыптыр, бул бир күндүк ур-токмоктон эле мындай болуп калбайт. Балаңызды айлап сабашкан окшойт" деп айткан. Агамды койгондон кийин атам акыйкат издеп ар кайсы сот, прокурордун эшигин каккылады. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы турса дагы соттор "милицияга жалган жалаа жаап жатасыңар" деп ишти жаап коюп жатышты. Ошентип, Өзгөн райондук сот беш жолу, Ош облустук сот ишти 4-5 жолу жапты. Кийин "бул экспертиза туура эмес" деп, бир айдан кийин кайра сөөктү эксгумация кылып, анализ алышкан. Анда деле жыйынтык биринчи экспертизадай чыкты. Бирок сот, прокурорлор "карга карганын көзүн чукубайт" болуп биринин айыбын бири ачкан жок.

— Милиция кызматкерлери ошентип жазасын албай калдыбы?

Акыйкатчы: милиционерлер шектүүлөрдү кыйнаганын улантууда
— Алмак тургай ата-энемди кылмышка шектүү делген милициянын начальниги баш болуп, башкалары, алардын туугандары "бир нерсе десең, тукум курут кылып кетебиз" деп автомат менен коркуткан күндөр болду. "Арызыңды алып кой" деп акча да сунушташкан.

Баса, баягы агамды ууру туткан адам байкемдин жылдыгына жетпей каза болуп калды. Ошондон кийин бул иш таптакыр эле токтогон. Баары унутта калгандан кийин 2011-жылы атам шаардан Бириккен Улуттар Уюмунда иштеген Александра Черкасенко деген жактоочу менен кокустан жолугуп калат. Ал кишиге окуя тууралуу айтып берсе жардам берейин дептир. Бирок кандайдыр бир себептер менен эки жылдан кийин бул ишти азыркы жактоочу Сардорбек Абдухалиловго өткөрүп берет.

— Ата-энеңиздин азыр көзү тирүүбү? Канча бир туугансыңар?

— Ата-энем экөө тең орус тилинен мектеп мугалими болуп иштешти. Ага кошумча талаада дыйканчылык кылышчу. Милиция кызматкерлери өлтүргөн агамдан мурда дагы бир байкем ооруп каза болуп калган. Эки уулунун өлүмүнөн кийин апам да, атам да алдан тайып ооруп баштады. Экөө тең инсульт менен жабыркачу. Ошентип илдет менен алышып жүрүп апам 2014-жылы, атам 2016-жылы өтүп кетти. Мен болсо сегиз бир туугандын кичүүсүмүн. Туугандардын көбү эле Россияда иш кылышат. Атам өлөөрүндө үйдү, жерди мага жаздырып кеткен. Бирок мен ал үйдө кала алган жокмун. Анткени ал жер мага жамандыкты эстетип турат. Байкемдин канга боелуп өлгөнү азыр да көз алдымда. Ал жакта жашоо кыйын болгондуктан, мен да үй-бүлөм менен Москвага иштеп кеткем. Азыр деле сот иштерине карап эле келдим. 

"Агам милиционерлердин ур-тепкисинен көз жумган"... 14 жыл акыйкат издеген Чыңгыз

— Бул ирет соттун акыркы чечими чыгыптыр. Эмне маселе каралды, күнөөкөрлөр жазасын алдыбы?

— Сотто алар тууралуу кеп да болгон жок. Ишти жаап коюшкан. Бул ирет жактоочу мага карап "ушунча жыл моралдык жана материалдык жактан зыян тартты" деп 200 миң сом өлчөмүндө компенсация өндүрүп берди. Башында 13 миллион сом деп айтылган. Бирок өкмөт ал акчаны кайдан төлөп бермек эле. Акыйкаттык үчүн туура 14 жыл күрөшүптүрбүз. Мындан ары кайрылаар орган деле калган жок. Баарын кудайга койдук. 200 миң сом эч кимдин тагдырын чечпейт. Бишкекке келгенден бери андан деле көп акча коротуп койдум. Ыраматылык атам ар кайсы жерге кайрылып жүрүп болгон мал, байлыгыбызды саткан. Жыйынтык чыккан жок. Кыргызстанда адилет чечим издеп деле кереги жок экенин түшүндүм...

— Агаңыздын артында уул-кызы калды беле?

Аткезчилердин 5 млн. долларын каракташмак. УКМК милиционерлер тууралуу
— Агамдын уулу бар экенин 2005-жылы билдик. Ага чейин ал Кара деңиздеги флотто кызмат өтөп келген. Ошол учурда командиринин кызы менен жашап калышыптыр. Уулу бар экенин өзү билчү эмес. 2005-жылы аялы менен уулу "Жди меня" берүүсү аркылуу агамды издеп чыгат. Аны уккан агам кетем деп жүргөн. Бирок баласын көрүүгө жетишпей калды. Биз дагы анын өлүмү менен алпурушуп жүрүп жолуга алган жокпуз. Азыр уулу Москвада ички иштер органдарында иштейт экен. Буюрса, сот иштери бүттү, эми барып жолуксамбы деген ниеттер бар.