БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. 29-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +34…+39, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +35…+40 градус ысык болот.
Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +27…+32 градус болсо, Таласта күндүн табы +32…+37 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында абанын температурасы +37…+39, Чолпон-Ата шаарында +27…+29 градуска жетет.