Көз талдырган суу перилер. Сууда сүзгөн спортчу кыздардын 10 сүрөтү

Бул селкилер сууда сүзүү менен машыгып, алды олимпиадалык оюндарда алтын уткан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Учурда Түштүк Кореянын Кванджу шаарында суу спорту боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги көпчүлүктүн көңүлүн бурган спортчу кыздардын сүрөттөрүн топтоду.

Стефани Райс (Германия)

Стефани 31 жашта, 2008-жылкы Олимпиада оюндарында алтын медаль алган.

Юлия Ефимова (Россия)

Юлия 27 жашта. 2009-жылы Римде өткөн мелдеште 50 метр аралыкка сүзүүдө баш байгеге татыган.

Розалия Насретдинова (Россия)

Розалия 23 жашка чыкты. Жаштар арасында өткөн бир нече беттешти жеңген. 2017-жылы Россиянын спорттун эмгек сиңирген чебери наамын алган. 2015-жылы Түштүк Кореяда өткөн жаштардын эл аралык мелдешинде коло байгелүү болгон.

Федерика Пеллегрини (Италия)

Федерика — Олимпиада оюндарында алтын медаль уткан биринчи италиялык спортчу кыз.

Бранка Ферест менен Беатрис Ферест (Бразилия)

Эгиздер учурда 31 жашта. 2007-жылы Америка оюндарында коло медаль алышкан.

Анастасия Фесикова (Россия)

Фесикова 29 жашта. Олимпиада оюндарында күмүш байгеге татыган.

Мария Каменева (Россия)

20 жаштагы Мария Европа оюндары менен Европа чемпионаттарында алты жолу жеңишке жеткен.

Дарья Устинова (Россия)

Дарья 20га чыкты. Учурунда 18 жашка чейинки кыздар арасында Европанын жана дүйнөнүн чемпиону болгон.

Сюзанна Жакабос (Венгрия)

Көптөгөн мелдештерде жеңишке жеткени менен Олимпиадалык оюндарда азырынча байгелүү орун ала элек.

Мария Шурочкина (Россия)

Россиялык эстрада ырчысы Нюшанын сиңдиси. Ал дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Европа чемпионатында үч жолу жеңишке жеткен.