Радио

Сооронбаев: үйдөгү бир грамм чаңда 50 миңге жакын курт бар

Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулары жана аллергия бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев дүйнө жүзү боюнча аллергиядан жапа чеккендердин саны көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
Сооронбаев: үйдөгү бир грамм чаңда 50 миңге жакын курт бар

Үйдөгү бир грамм чаңда 50 миңге чукул курт болот. Алардын заңы дем алуу органдарында аллергия пайда кылат. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган зыянкечтер күндүн нуруна туруксуз келишет.

"Кыргызстанда аллергияга кабылгандар арбын. Алар абанын булганышынан, бак-дарак, гүлдөрдүн чаңчаларынан жапа чегишет. Ошону менен катар эле үйгө гана мүнөздүү чаң дагы дем алуу органдарынан аллергия болгондорго жагымсыз шарт түзөт. Мисалы, үйдүн бир грамм чаңында 50 миңге чукул курт болот. Алардын өздөрү эмес, заңы бул оорудан жабыркагандардын айласын кетирет. Бул курттар адам жашоосунда болушу керек делген микробдорго кирбейт жана организмге керексиз заттар. Андыктан алардан арылууга аракет кылуу зарыл. Канчалык таза кожойке болсо да баары бир бөлмөлөрдө чаң калат. Ошентсе да аларды үзгүлтүксүз жууп-тазалоо менен азайтса болот. Курттар күндүн нурунан корккондуктан айына жок дегенде бир ирет жууркан, төшөк, килемдерди күнгө жайып туруу талап кылынат. Күндө терезени ачып, бөлмөлөрдү желдетип туруу да оң таасирин берет", — деди Сооронбаев.

Ал ошондой эле аллергия оорусуна чалдыкпаш үчүн кичинекей кезинен табиятка жакын болуп, чаңдын түрлөрүнө организмди көндүрүү зарылдыгын кошумчалады.