Чөк түшкөн, ойлонгон, күйүп-жанган режиссёр. Убукеевдин сүрөттөгү ирмемдери

Sputnik

Мыкты тасмаларды жараткан сценарист, тарыхчы, манас изилдөөчү Мелис Убукеев 1935-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Балалыгы борбор калаада өтүп, мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырат. Андан соң Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунда (ВГИК) билим алган. Режиссёр өзүнүн чыгармачылык жолунда "Тайгак кечүү", "Саякбай", "Ак Мөөр", "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү", "Улуу манасчы" өңдүү ондон ашык көркөм, кыска метраждуу жана документалдуу тасма жараткан. Эмгектеринин көпчүлүгү тарыхый окуяларга байланышкан.

Убукеевдин көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашта болмок. 

 

1 / 12
Режиссёр Мелис Убукеев менен актёр Болот Бейшеналиев.
2 / 12
Кум. Чөк түшүп, бөйрөгүн таянган режиссёр. Кыска метраждуу "Үйлөнүү той" фильмин тартуу учуру.
3 / 12
Мелис Убукеев менен жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков.
4 / 12
Саякбай Каралаев жөнүндө даректүү тасманы тартып жаткан чыгармачыл топ.
5 / 12
Бишкектин кышы. Кыргыз киносунун корифейлери — Болот Шамшиев менен Мелис Убукеев.
6 / 12
Жаш режиссёрдун дипломдук иши болгон "Тайгак кечүү" тасмасын тартуу мезгили.
7 / 12
Манасты сүйгөн, туу туткан эки алптын маеги. Жазуучу Чыңгыз Айтматов менен.
8 / 12
Режиссёрдун акыркы эмгеги "Манас ааламы" тасмасы. Режиссёр иш учурунда.
9 / 12
Оператор Константин Орозалиев менен "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" тасмасын тартуу маалы.
10 / 12
Режиссёр уулу Сейит менен. Учурда баласы Тышкы иштер министрлигинде эмгектенет.
11 / 12
Көк майсаңда. Артисттер менен калпакты баса кийип иш процессти талкуулап отурган Убукеев.
12 / 12
Мелис Убукеев 1996-жылы 27-июлда дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.