Кыргыз-казак чек арасынын жанынан катылган курал табылды. Сүрөт

Курал катылган жай Кемин районунун аймагында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чүй облусунда кыргыз-казак чек арасына жакын жерде аңчылык мылтыкты катып койгон жай табылды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

"Ал жерди текшере келгенде, тагыраагы, Кемин районунун Кара-Булак айылында чек арачылар 16 калибрлүү аңчылык куралды тапты", — деп айтылат маалыматта.

Мылтык ИИМдин аймактык бөлүмүнө анын кайдан алып келингенин жана кимге таандык экендигин тактоо үчүн өткөрүлүп берилген.