Жекшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстанда 28-июлда абанын эң ысык көрсөткүчү +39 градуска чыгат. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй өрөөнүндө +32 +37, Таласта +30 +35, Нарын аймагында +27 +32, Ысык-Көлдө +26 +31 болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында термометр +34 +39 градусту көрсөтөрү айтылды.

Маалыматта Ош шаарында күндүн табы +36 +38 , Чолпон-Атада +25 +27, борбор калаада +35 +37 градуска чейин жетери кабарланды.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетмекчи.