Эл ысыктан кантип сактанды… Франциядагы мээ кайнаткан аптаптагы видео

Францияда эң аптаптуу температура 25-июлда катталды. Ал соңку ирет болгон 1947-жылкы жайдагы ысыктан дагы ашканы айтылат. Бул туурасында Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.
Sputnik

Париждиктерди ысыктан фонтан гана сактап калууда.

Жер жүзүндөгү мээ кайнаткан ысык жерлер аталды. Тизме
Францияда ушул тапта 46 градус ысык болуп, тарыхтагы рекорддук көрсөткүчкө жеткендиги айтылат.

Парижде термометр ысыкты 41 градустан жогору көрсөткөндүктөн, шаардын мэриясы жашоочулар менен туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Тагыраагы, парктар менен бакчалар салкын болгондуктан, аларды күнү-түнү ачып коюну буйруган.

Видеодон париждиктер ысыктан кантип коргонуп жаткандыгын көрүүгө болот.