Эркектин денесине аялдын башын тигип коюшкан. АКШдагы окуя

Денени биологиялык борборлордун биринен табышкан. Мындан тышкары, чакада адамдын буттары менен колдору, биринин үстүнө бири ташталган дене мүчөлөрү табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Аризон штатында (АКШ) эркектин денесине аялдын башы тигилгенин "РИА Новости New York Post басылмасына шилтеме берип жазды.

Мындай нерсе биологиялык ресурстар борборунда жасалганы айтылат. ЖМКлар бул тууралуу уюмду 33 киши сотко бергенден кийин билишкен. Алар жакындарынын денесин илимий изилдөө үчүн бергендиктерин, бирок алар сатыкка коюлуп кеткендигин айтып беришкен.

Студент кызды түндө зордуктап, андан соң өлтүрүп таштап кетишкен... Соттук чечим
Борбордон ФБРдин кызматкерлери чакадан буттар менен колдорду, ал эми муздаткычтан эркектик мүчөнү тапкан. Ал эми дубалга аялдын башын эркектин денесине тигип туруп илип коюшкан. Мындан тышкары, биринин үстүнө бири ташталган дене мүчөлөрү табылган.

Аталган иш боюнча сот 21-октябрда болот. Маалыматта төрт жыл мурда борбордун жетекчиси Стефан Горго  тыюу салынган донорлукка  ык алып, дене мүчөлөрдү саткандыгы үчүн иш козголгондугу айтылат.