Жээнбеков Рахмон экөө чек арадагы эл менен кантип жолукту. Сүрөт-репортаж

Президенттер эл менен жолугуп, андан соң Исфарага кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстан президентинин маалымат кызматы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Баткенге болгон иш сапарындагы сүрөттөрдү жарыялады. Ал Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте чек арага жакын жайгашкан айыл эли менен да жолугуп, иш андан ары Исфарада уланган.

Маалыматта президенттер кызматташууну талкуулаганы айтылган.

Кийинчерээк Рахмон иш сапар менен Кыргызстанга учуп келген. Ал 26-28-июль аралыгында Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.

Ак-Сайдагы чырдын таржымалы

22-июль күнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыккан. Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочулары чырдаша кеткен. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган болчу.

Эмомали Рахмон Ысык-Көлгө келди
Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жарадар болгон.

24-июлда жолдор жабылып, нааразы болгон эл Баткен облустук администрациясынын алдына митингге чогулган.

25-июлда эртең менен тосулган жолдор ачылып, Баткен шаарына убактылуу көчүрүлүп келген 700дөй киши үйлөрүнө кайткан.