Төрт баланын энеси эле. Сузакта аялын бычактап өлтүрдү делген киши кармалды

Шектүү окуя болгон күнү милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Сузак районунун 31 жаштагы тургуну жубайын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалды. Аталган маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.

Атасынан өч алам деген. Ноокенде 7 жашар баланы өлтүргөн киши өмүр бою кесилди
Билдирмеге караганда, 25-июль күнү үй ээси аялын ашкана бычагы менен сайып өлтүргөн. Шектүү окуя болгон күнү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Каза болгон келин 30 жашта экени белгилүү болду. Кошуналарынын билдирүүсүнө ылайык, маркумдун 4 баласы бар. Алардын чоңу жети, кичүүсү бир жашта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки иштер жүрүп жатат.