Өзбекстанда үлпөт тойлордо акчага "киринүү" салтка айланып калганын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып, окуянын видеосун жарыялады.
Буга чейин өзбекстандык ырчы Огабек Собировдун үлпөт тойдо мойнуна доллардан шуру тагынган видеосу тараган эле.
Баса, 2018-жылы "Өзбек концерт" мамлекеттик ишканасы тойлордо ырчылар ала турган гонорардын өлчөмү 200 доллардан ашпашы керек деп бекиткен.