Казакстан: министрдин соттолгон экс-орун басарынын уулу чарчап калды

Социалдык тармакка тараган маалымат боюнча, бала үйдөгү бассейнге чөгүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Казакстандын билим берүү министринин мурдагы орун басары Элмира Суханбердиеванын үч жашар баласы чарчап калды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Кыйнап арак ичирген 6 жаштагы бала чарчап калды. Дарыгердин түшүндүрмөсү
Эки жума мурда Суханбердиевага козголгон кылмыш иштерин тергөө аяктаган болчу. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу жана ишкерлик менен мыйзамсыз алектенген деп айыпталган. Сот прокурордун койгон бардык айыптарын негиздүү деп таап, ага 16,2 миң доллар айып салынган. 30 миң долларлык үй-мүлкү камакка алынып, айыпкер эч жакка чыкпоо боюнча тил кат жазып бергенден кийин зот залынан бошотулган. Мындан тышкары, ал өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматтарда жетекчилик орундарда иштей албай турган болгон.

Блогер жана журналист Гүлбану Абенова социалдык тармакка бала үйдөгү бассейнге чөгүп кеткенин жазды.

Суханбердиева эки кыз жана эки уулдун апасы. Кыздары 26, 17 жашта, ал эми уулдары жети жана үч жашта болчу.