Бир пост — миллион доллар. Instagram менен капчыгын кампайткан 10 жылдыз

Кайли Женнер, Джастин Бибер, Селена Гомес, Криштиану Роналду жана башка дүйнөгө белгилүү жылдыздар Instagram баракчасындагы бир эле жарнамалык посту үчүн миллион долларга чукул акча алат.
Sputnik

Hopper HQ порталынын версиясы боюнча, Instagram жылдыздарынын ичинен ишкер Кайли Женнердин жарнамалары өтө кымбат. Маалыматка караганда, ал бир посту үчүн эле 1,2 миллион доллар алат экен.

Экинчи орунда ырчы Ариана Гранде турат. Анын бир постунун баасы 996 миң долларга жетет. Үчүнчү сапка 975 миң доллар сураган футболчу Криштиану Роналду чыккан.

Sputnik Өзбекстан агенттиги Instagram баракчасына сүрөт, видео жүктөө менен эле миллиондорду таап жаткан жылдыздардын тизмесин жарыялады.

1. Кайли Женнер Instagram тармагынан дүйнө боюнча эң көп акча таап жатат. Ишкер айымдын бир эле жарнамалык посту 1,2 миллион долларды чапчыйт. 21 жаштагы Кайлинин баракчасына 141 миллион адам катталган. Ал өзүнүн Kylie Skin брендин жарнамалаган сүрөттөрүн, ошондой эле кызы жана үй-бүлөсү менен болгон ирмемдерди тынбай жарыялап турат.

2. Соцтармактан көп киреше тапкандардын экинчи сабына ырчы Ариана Гранде чыкты. Ал бир посту үчүн 996 миң доллар сурайт. Учурда ага катталгандардын саны 159 миллион. 26 жаштагы артист өзүнүн кооз сүрөттөрүн, селфи жана концерттеги видеолорун жүктөп турат.

3. Үчүнчү орунда турган футболчу Криштиану Роналду ар бир жарнамалык посту үчүн 975 миң доллар алат. 34 жаштагы спортчунун Instagram барачасына 176 миллион адам катталган. Ал баракчасына оюн талаасындагы кадрларды, үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрдү жүктөйт.

4. Кайли Женнер үй-бүлөдө Instagram аркылуу киреше булагын толтурган жалгыз жылдыз эмес. Анын бир тууган эжеси Ким Кардашьянга бир жарнама үчүн 910 миң доллар беришет. 34 жаштагы Ким азыркы учурда көпчүлүктүн көңүл чордонунда турган айым десе болот. Ал жүздөгөн долбоорлор менен иштейт, баракчасына 144 миллион адам катталган.

5. Ар бир постуна 886 миң доллар сураган белгилүү ырчы Селена Гомес бешинчи сапта. Азыркы тапта 27 жаштагы артисттин баракчасына 153 миллион күйөрманы катталган. Бирок Селена бир аз тыным алып, жеке жашоосу тууралуу соцтармакка азыраак бөлүшүп калды.

6. Дагы бир белгилүү актер Дуэйн Жонсон бир жарнамасы үчүн 882 миң доллар алат экен. 47 жаштагы актер балдарынын, үй-бүлөсүнүн, спорт залдагы сүрөттөрүн жана жаңы фильмдердин афишасын 151 миллион күйөрманына көрсөтүп турат.

7. 37 жаштагы ырчы Бейонсенин Instagram баракчасына жарнама берүүнү кааласаңыз, 785 миң долларды түйүп барышыңыз керек. Ал баракчасына өзүнүкүнөн сырткары жолдошу Джей-Зи менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялап турат. Ырчынын 130 миллион катталуучусу бар.

8. Ал эми Тэйлор Свифттин Instagram баракчасына 119 миллион адам катталган. Анын бир жарнамасы 748 миң доллар экени айтылат. Азыркы тапта ал жаңы клибин тартуу учурундагы кадрларды жүктөөдө.

9. Бразилиялык футболчу Неймар бир посту үчүн 722 миң доллар сурайт. Учурда анын 123 миллион катталуучусу бар.

10. 10-орунду болсо белгилүү ырчы Жастин Бибер ээледи. Анын бир жарнамасы 722 миң доллар болот. Ырчы өзүнүн эле кесиптеши Селена Гомес менен ажырашкандан кийин Хейли Болдуинге үйлөнгөн.