Радио

Ыбышева: үйдө колдонулчу химиялык каражаттардын нускамасын окуш керек

Врач-эпидемиолог Бактыгүл Ыбышева кир кийимдерди жууганда айнаны ченемден көп кошуу тери аллергиясына алып келүүсү мүмкүн дейт.
Sputnik
Ыбышева: үйдө колдонулчу химиялык каражаттардын нускамасын окуш керек

Химиялык жууп-тазалоочу каражаттарды сатып аларда адамдардын 90 пайызы анын кутучасынын кооздугуна көңүл бурат. Бул тууралуу Бактыгүл Ыбышева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарактуу мөөнөтүн карагандардын саны болгону 10 пайызды түзөт.

"Бүгүнкү күндө химиялык жууп-тазалоочу каражаттар активдүү колдонулат. Бирок аларды туура пайдалануу жана тандоого олуттуу маани бербейбиз. Мындай кайдыгерлик ден соолукка зыянын тийгизбей койбойт. Иликтөөлөрдүн негизинде адамдардын 90 пайызы каражаттын кутучасына кызыгып сатып алары белгилүү болгон. Ошондой эле дээрлик баары колдонуу нускамасын окубайт. Мисалы, бардык жууп-тазалоочу каражаттарга хлор, боек жана химиялык жыт берүүчү зат кошулат. Алар дем алуу органдарын жабыркатып, колдун терисине терс таасирин тийгизет. Андыктан, резина мээлей кийип жана беткап тагынганды унутпоо зарыл. Ал эми колдонуучулардын 10 пайызы гана жарактуу мөөнөтүн караса, 50 пайызы баасынын арзандыгынан улам сатып алат", — деди Ыбышева.

Ошондой эле ал үйдү жууп-тазалоодон кийин бөлмөлөрдүн терезелерин ачып желдетүү керектигин кошумчалады.