Эмомали Рахмонду “Ысык-Көл” аэропортунда кантип тосуп алышты. Сүрөттөр

Эмомали Рахмонду “Ысык-Көл” аэропортунда президент Сооронбай Жээнбеков тосуп чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Рахмон Кыргызстанда 26-28-июль күндөрү болмокчу.

"Иш сапарда президентти премьер-министрдин орун басары Азам Иброхим, тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жана президенттин эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси Азамшо Латифи коштоп келди", — деп жазылат макалада.

Сагынбаев: чек арадагы көйгөй Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда, тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу сапары менен барып келди. Анда эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланды.

Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн экинчи бөлүгүн Чолпон-Ата шаарында улантуу пландалган.