Эмомали Рахмон Ысык-Көлгө келди

Эмомали Рахмон Кыргызстанда 26-28-июль күндөрү болмокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Тамчы аэропортуна келип конуп, Кыргызстанга үч күндүк иш сапарын баштады. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Эске салсак, Рахмон Кыргызстанда 26-28-июль күндөрү болмокчу.

"Иш сапарда президентти премьер-министрдин орун басары Азам Иброхим, тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жана президенттин эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси Азамшо Латифи коштоп келди", — деп жазылат макалада.

Ысык-Көлгө кетчү жол жабылып, чектөө киргизилет. Себеби
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда, тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу сапары менен барып келди. Анда эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланды.

Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн экинчи бөлүгүн Чолпон-Ата шаарында улантуу пландалган.