Бишкекте "Оймо" фестивалы өтүп жатат. Сүрөттөр

Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ушул тапта Бишкек шаарында "Оймо" эл аралык фестивалы өтүп жатат. Ал кечээ, 25-июлда, башталып, 28-июлга чейин уланмакчы.

Иш-чаранын башкы директору Динара Чочунбаеванын билдиргенине караганда, быйыл жаш кол өнөрчүлөргө көбүрөөк көңүл бурулуп, жаңы ысымдарды чыгарууга аракет жасалууда.

"Жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы Бишкектен кийин, тагырагы, 29-июлдан 4-августка чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланат. Ага быйыл жалпысынан 120 уз катышууда. 80и Бишкек шаарынын кол өнөрчүлөрү болсо, 40ы аймактардан келген чеберлер", — деди Чочунбаева.

Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу. Андан сырткары, Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.

Чочунбаева: быйыл "Оймо" фестивалында жаш кол өнөрчүлөргө көбүрөөк көңүл бурулат
Маданий иш-чарада манас айтуу, концерт жана тарыхый темадагы документалдык, анимациялык тасмалар көрсөтүлүп жатат.

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу фестивалдын бешинчи жолку медиа өнөктөшү болду.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.