Башкы прокуратура мамлекетке келтирилген 136 млн. сомдук чыгымды кайтарды

Башкы көзөмөл орган коррупция, мыйзам бузуу жана өспүрүмдөрдүн укуктарынын корголушу боюнча иштерди тыкыр иликтеген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Башкы прокуратура 26-июлда 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, алты айдын ичинде прокуратура органдары коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында 1 640 текшерүү жүргүзүп, 1 376 акты түзүшкөн. Аны менен катар 47,614 миллион сомдук чыгымдын орду толтурулган.

Финпол Матраимовдун Кыргызстандагы мүлкүн тизмектеди. Текшерүүнүн жыйынтыгы
Мындан сырткары, мыйзам бузуу фактылары боюнча 2 709 текшерүү болуп, 3 161 акты түзүлгөн. Мамлекетке 79,48 миллион сом кайтарылган.

Өзгөчө көңүл жарандардын укугу менен эркиндигине бурулган. Бул багытта жалпысынан 1 051 текшерүү болуп, мамлекетке келтирилген 8,747 миллион сомдун орду толтурулду.

Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өспүрүмдөрдүн укугунун корголушу боюнча жүргүзгөн текшерүүсү да көңүл сыртында калган эмес. 102 текшерүү болуп, 153 акты түзүлгөн. Анын жыйынтыгында мамлекетке 3,614 миллион сом кайтарылган.