Радио

Жакыпбеков: Ысык-Көлдө августта бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Бильярддын пирамида түрү боюнча эл аралык конфедерациясынын вице-президенти Ишенбек Жакыпбеков бул спорттук мелдеш ЕАЭБдин түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгына арналарын айтты.
Sputnik
Жакыпбеков: Ысык-Көлдө августта бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Бильярд боюнча дүйнө чемпионаты 8-августта Ысык-Көлдө башталат. Бул тууралуу Ишенбек Жакыпбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чаранын ачылуу аземине ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары катышары күтүлүүдө.

"Бильярд боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда төртүнчү ирет, Ысык-Көл жээгинде экинчи ирет өткөнү турат. Ага 20дан ашуун мамлекеттен спортчулардын келери күтүлүүдө. Демилгени Эл аралык конфедерациянын өкүлчүлүгү көтөрүп, учурда уюштуруу иштери кызуу жүрүп жатат. Мелдеш Чолпон-Ата шаарынан алыс эмес жайгашкан "Газпром" спорт комплексинде өтмөкчү. Бул биринчиликте аялдар жана эркектер "Эркин пирамида" түрү боюнча күч сынашышат . Иш-чара 8-августта башталып, 13-августта жыйынтыкталат", — деди Жакыпбеков.

Ошондой эле ал аталган чемпионат башында Грузияда өткөрүлөт деп пландаштырылып, бирок белгисиз себептерден улам ал өлкө иш-чарадан баш тартканын кошумчалады.