БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. "Короче" Telegram-каналына адамдар эс алып жүргөн Ысык-Көлдүн жээгинде таштандынын чачылып жаткан видеосу жүктөлдү.
Мындай кадрлар Бостери айылындагы пляжда тартылганы белгиленет. "Мына бизде эл ушинтип эс алып жатат. Мына пляждагы таштандылар. Ушул кантип болсун? Таштандыны өзү менен кошо алып кетүү кыйынбы?" деп сүйлөп жатат видеонун автору.