Аквалангисттерден турган "Таза Ысык-Көл" экологиялык-коомдук уюму кезектеги ишембилигин Чок-Тал айылындагы "Урожай" пляжында өткөрдү .
Дайверлер суу астынан желим баштык жана бөтөлкөлөрдү алып чыкты. Таштандылар жалпысынан 25 кап болду.
Социалдык тармактарда бул демилге колдоого алынып, жарандар аквалангисттерге ыраазычылык билдирүүдө.