Жээнбеков чек арадагы абал боюнча аткаминерлерди чогултуп жыйын курду

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Генералдык штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшенбиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча, анын ичинде Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөй боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу, коңшу мамлекеттер менен чек ара жаатында кызматташуу жана чек арага жакын жайгашкан аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга мамлекет артыкчылык бере турганын айтты.

"Бул көйгөйлөрдү комплекстүү түрдө чечиш керек. Ага бийлик бутактарынын бардыгы катышуусу кажет. Муну менен катар эл арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл", — деди Жээнбеков.

Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя боюнча акыркы маалыматты Чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери берди. Ошондой эле транспорт жана жолдор министри менен саламаттыкты сактоо министри да жасалган иштер боюнча кабарлашты.

Кыргыз-тажик чек арасына аскер техникасы жөнөтүлдүбү? Чек ара кызматынын жообу
Аталган жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Генералдык штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшенбиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жана башкалар катышты.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында чатак 22-июль күнү чыккан. Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочулары чырдаша кеткен. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган болчу.

Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жарадар болгон.

Кечээ жолдор жабылып, нааразы болгон эл Баткен облустук администрациясынын алдына митингге чогулган.

25-июлда эртең менен тосулган жолдор ачылып, Баткен шаарына убактылуу көчүрүлүп келген 700дөй киши үйлөрүнө кайткан.

Жазуучунун накыл кептери "Мезгил сабактары" китебинен алынды.