Кишиден чочулабай, тобу менен өзөн бойлой жайылган кийиктер. Видео

Мурда тоо эчкилерди коруктардан кездештирүү кыйын болсо, азыр жайлоолордо ээн-эркин оттоп жүргөнү айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жети-Өгүздүн Сөөк суусунун жээгинде жана Жаман-Эчки, Айгыр-Булак аймактарында аркарлар менен тоо эчкилердин жайылып жүргөн сүрөтү жарыяланды. Бул маалыматты өзгөчө коргоого алынган аймактар менен биотүрдүүлүктү сактоо департаменти таратты.

"Акыркы жылдары коруктарда эле эмес, сырттарда, Кыргызстандын өрөөндөрүндө жапайы жаныбарлардын арбыгандыгы байкалат. Бул туурасында жаңы алынган материалдар тастыктап турат", — деп жазылган таратылган кабарда.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттиктин экологиялык системаны, канаттууларды, жапайы жаныбарларды, анын ичинен ак илбирсти сактоо үчүн кылган аракети өз жемишин берип жаткандыгы айтылды.

Мурда жапайы жаныбарларды, алардын ичинен тоо эчкилерди коруктардан кездештирүү кыйын болсо, азыр жайлоолордо, каралбаган жерлерден да көрүүгө болорун билдиришти.