БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кадамжай районундагы Бирлик айылында жай мезгилинде болгон суунун тартыштыгы чечилди. Бул тууралуу долбоордун аткаруучулары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, миңден ашык түтүн жашаган аймактагы 600 гектар жерге суу бара баштады. Анын жыйынтыгында Сырт, Вартан, Какыр, Моло, Чечме жана Бел айылдарына сугат суулары толук жетип калды.
"Жай мезгилинде 800 гектар жердин жарымына суу жетпей келген. Бул жерлер айдалбай көп жылдык чөп өстүрүлүп, айрым жерлер такыр эле иштетилбей калган. Андыктан жергиликтүү тургундар Ууру-Сай дарыясынан суу алып келүү маселесин көтөрүшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында аталган дарыядан жарым чакырымдай канал тартылып келген. Суу колдонуучулар ассоциациясы менен айыл өкмөтү беш чакырымдай каналды өздөрү тазалап, калыбына келтирген.