Финансы министрлигинде иштегиң келеби? Бош орундарга сынак жарыяланды

Сынакка катышчу адам маалыматты топтоону, талдоону системалаштырып, аналитикалык документтерди даярдоону, кесиптештер менен тил табыша билиши керек.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Финансы министрлиги эки кызмат ордуна сынак жарыялады.

Ведомствонун сайтындагы маалыматка караганда, министрликтин Биринчи Май райондук башкармалыгынын казыналык бөлүмүнө жетектөөчү адис жана Ноокен райондук башкармалыгына жетекчи керек.

Бишкек ЖКККББнын башчысы менен орун басары сынактан кулап калды
Сынакка катышчу кызматкер Кыргыз Республикасынын Башкы мыйзамын, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамын, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин билиши керектиги айтылат.

Ошондой эле экономика багытындагы жогорку билими болуусу зарыл.

Мындан тышкары, маалыматты топтоо, талдоо, системалаштыруу, аналитикалык документтерди даярдоо, кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу сыяктуу сапаттарына артыкчылык берилери айтылган.

Кызыктырган суроолор боюнча министрликтин өзүнө кайрылуу кажет.