Туристтик милиция көлгө чөгүп бараткан жаранды сактап калды. Сүрөт

Чөгүп кете жаздаган жаран таежесиникине келип эс алып жатканын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Караколдун Пристань айылында суунун жээгинде кызмат өтөп жаткан туристтик милициянын үч кызматкери чөгүп бара жаткан 22 жаштагы жигитти куткарып калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери пирстен жардам сурап кайрылып жаткандарга барышкан.

Окуя болгон жерге келгенде Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну пирстен секиргенден кийин чөгүп жатканына күбө болушкан.

"Милиция кызматкери аны суудан чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Андан соң туристтик милициянын автоунаасы менен Каракол шаардык Тез жардам бөлүмүнө алып келишкен", — дешти милициядан.

Чөгүп кете жаздаган жаран таежесиникине келип эс алып жатканын айткан.

Туристтик милициянын кызматкерлери буга чейин чет элдик спортчуга да кол кабыш кылган болчу.