Кыргыз-тажик чек арасы: автотрассалар ачылды

Калк арасында жергиликтүү бийлик менен биргеликте түшүндүрүү иштери уланып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу турукташып, Баткен — Исфана жана Исфара — Ворух жолдору ачылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматта Баткен облусундагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантып жатканы айтылат. Эки өлкө жоокерлери мамлекеттик чек араны биргелешип күзөтүүдө.

"Калк арасында жергиликтүү бийлик менен биргеликте түшүндүрүү иштери уланып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Баткенде милиция элге ок чыгардыбы? Расмий жооп
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасында чатак 22-июль күнү чыккан. Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочулары чырдаша кеткен. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган болчу.

Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жарадар болгон.

Кечээ жолдор жабылып, нааразы болгон эл Баткен облустук администрациясынын алдына митингге чогулган.