Алган парасын кагаздардын арасына катып... Баткенде сот аткаруучу кармалды. Видео

Финполго кайрылган жаран андан сот аткаруучу пара талап кылып жатканын айткан.
Sputnik

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы сот аткаруучулардын аймактык кызматтык бөлүмүнүн улук сот аткаруучусун пара алган жеринен кармады. Окуянын видеосу мекеменин YouTube сайтына жарыяланды. 

Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары
Ага ылайык, финполго М.С. аттуу жаран кайрылып, улук сот аткаруучу Ш.К. соттун чечими менен камактан чыгарылган кыймылсыз мүлктүн 10 пайыз үлүшүн (18 600 сом) талап кылганын айткан. Андан сырткары, дагы 10 миң сомду мыйзамсыз сураган.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("Пара талап кылуу") боюнча каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Финпол кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин жыйынтыгында, 23-июлда улук сот аткаруучу пара алган жеринен кармалган. Учурда ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.