Алмазбек Атамбаев Москвадан кайтып келди

Мурдагы президент 24-июль күнү түштө Россияга учуп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Москвадан кайтып келип, Канттагы авиабазага конду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Элдик штабдын жетекчиси Кыяз Смаилов билдирди.

Белгилей кетсек, Атамбаев бир катар тарапташтары менен 24-июль күнү аталган базадан учуп кеткен. Москвада РФ лидери Владимир Путин менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн маалымдаган.

Кабарчынын айтымында, Атамбаевди тосуп алуу үчүн базага желек тагылган 10дой машина келди. Жалпы жонунан унаалардын саны 70-80ге чамалап барары айтылды.