50дө деп ким айтат! Женнифер Лопестин көз талдырган сүрөттөрү

Sputnik

Актриса Нью-Йоркто туулган. Алгач Fly Girl тобунда бийлеп жүрүп, кийин актриса болууну чечкен. 1997-жылы "Селена" тасмасында башкы каарманды ойноп, анысы үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына татыган. "Вне поля зрения" фильминдеги ролу үчүн миллион доллар алып, ушунча көп гонорарга ээ болгон алгачкы латын америкалык актриса катары тарыхта калган.

1999-жылы сахнага алгачкы жолу ырчы катары чыгып, "On the 6" альбомун тартуулаган. Андагы "If You Had My Love" ыры дүйнөлүк чарттарда биринчиликти бербей, алты мамлекетте эң популярдуу чыгарма аталган.

Анын Максимилиан аттуу уулу жана Эмма аттуу кызы бар.

1 / 18
Лос-Анджелес шаарында өткөн Grammy сыйлыгын тапшыруу аземинде. 2019-жыл.
2 / 18
"It's My Party" турунда күмүш түстүү костюм кийип чыккан ырчы элдин оозун ачырган.
3 / 18
Былтыркы туулган күнүн көл жээгинде жакындары менен белгилеген.
4 / 18
MTV Video Music Awards 2018 сыйлыгын ташыруу аземи учурунда.
5 / 18
Актрисанын өзгөчө көйнөктөрү сүрөтчүлөрдүн көз жаздымында калбайт.
6 / 18
Лопес рэпер Питбуль менен бир сахнада.
7 / 18
Бала кезинен эле көркөм гимнастика, алыска чуркоо менен алектенчү.
8 / 18
2012-жылы актриса Кэмерон Диаз менен биргеликте "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземин алып барган.
9 / 18
Жигити Алекс Родригес менен.
10 / 18
Женнифер Лопес кесиптеши Питбуль менен Nokia LA театрынын сахнасында. 2014-жыл.
11 / 18
Артиса JLo by Jennifer Lopez кийим-кечек брендине, Madre"s ресторанына жана Glow by J.Lo атырларына ээлик кылат.
12 / 18
Лопес Нью-Йорк шаарындагы Метрополитен музейинин костюмдар балында. 2019-жыл.
13 / 18
Анын Максимилиан аттуу уулу жана Эмма аттуу кызы бар.
14 / 18
Лопес тасмага гана тартылбастан, сериалдарда дагы роль жараткан.
15 / 18
Женнифер Лопес менен Алекс Родригес MTV Video Music Awards 2018 иш-чарасында.
16 / 18
1999-жылы сахнага алгачкы жолу ырчы катары чыгып, күйөрмандарына "On the 6" альбомун тартуулаган.
17 / 18
Биринчи жолу "Селена" аттуу тасмада башкы каарманды ойноп, анысы үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына татыган.
18 / 18
Алекс Родригес ушул жылдын мартында сүйүктүүсүнүн колун сурап, "макул" деген жооп алган.