Путин Атамбаев менен жолукканын тастыктап, ортодо эмне кеп болгонун айтты

Мурдагы президент Москвага 24-июль күнү түштө учуп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен Кремлде жолукканын ырастап, ортодо эмне кеп болгонун журналисттерге айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Эскерте кетсек, Атамбаев бир катар тарапташтары менен бүгүн, 24-июлда, ЖККУнун Канттагы авиабазасынан Москвага учуп кеткен. Ага чейин мурдагы президент бир катар жолугушуулар күтүлүп жатканын кабарлаган.

Путиндин айтымында, ал Атамбаев менен аймактагы абалды талкуулаган.

“Учурдагы жана мурдагы кесиптештерим менен баарлашууга дайым даярмын. Алмазбек Шаршенович менен аймактагы кырдаалды сүйлөштүк. Менин позициям белгилүү, ага дагы айттым. Кыргызстан башынан бир топ нерсе өткөрдү. Эми кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн ушуну менен токтоо керек”, — деди Путин.

ИИМ Атамбаевдин Россияга учуп кетиши боюнча үн катты
Президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандын элин учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырды.

“Өлкөгө саясий стабилдүүлүк керек. Эл азыркы президент Сооронбай Жээнбековго өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жардам бериши керек”, — деди Путин.

Ал Россия Кыргызстан менен кызматташуу жаатындагы бардык пландарды иш жүзүнө ашырууга кызыкдар экенин айтты.

“Чогуу жасай турган иштерибиз көп. Азыркы бийлик менен алардын баарын ишке ашырабыз деп ишенем”, — деди президент.

Алмазбек Атамбаев сапары 25-июлда аяктап, кечинде кайра эле Канттагы авиабазага келип конорун айткан.