Көлдө эки унаа кагышып, бир жаш бала каза тапты

Mercedes-Benz менен Volkswagen Passat унаалары сүзүшкөнү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ысык-Көл районунда эки унаанын кагылышуусунан бир жаш бала каза тапканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 75-чакырымында жайгашкан Кара-Ой айылында болгон. Mercedes-Benz менен кагышкан Volkswagen Passat машинасынын айдоочусу жабыркап, ичиндеги бала көз жумган.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган кишини унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкени айтылды.