Атамбаевдин Канттагы авиабазадан учуп кеткен видеосу

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Кант авиабазасынын Москвага учуп кетти.
Sputnik

Атамбаев эртең менен журналисттерге саат 12:30да уча турганын билдирген. Бирок кабарчыбыздын жеринен билдиришинче ал саат 13:50лөр чамасында учуп кетти. 

Атамбаевдин Канттагы авиабазадан учуп кеткен видеосу

Атамбаевди КСДП төрайымынын милдетин аткаруучу, ЖК депутаты Асел Кодуранова, КСДПнын төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Мурадил Мадеминов жана Ирина Карамушкина, ошондой эле Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева, КСДПнын расмий өкүлү Темирлан Султанбеков коштоп кетти.

Мурдагы президент 25-июлда кечинде келерин билдирген болчу.