"Тайсон" Келдибековдун кийинки беттеши качан болору айтылды

Спортчу турнирдин башкы беттешинде күч сынашмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. "Тайсон" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков кезектеги беттешин Ысык-Көлдө боло турчу AIKOL FC 7 турниринде өткөрөт. Бул туурасында аталган уюмдун Instagram баракчасында айтылат.

Мелдеш 17-август күнү Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү. Анда Канат Келдибеков кеченин башкы беттешинде күч сынашат. Азырынча атаандашы тууралуу айтыла элек.

КР мушкери бир да беттеш өткөрбөй туруп Россиядагы турнирди жеңип алды
"Тайсон" каймана аты менен таанымал мушкер өлкөдөгү 66 килограмм салмактагы мушкерлердин сап башында. Муну ал WEF Grand Prix турниринде далилдеген. Анда уюштуруучулар бир турнирде 66 килограмм категориядагы алдыңкы спортчуларды топтоп, 8/1 финалдан тарта күч сынаштырган. Натыйжада Тайсон төрт мушкерди утуп, чемпион болгон.

Ал эми былтыр беделдүү делген россиялык "Ахмат" лигасынын алкагында чеченстандык ММА жылдызы Агшин Бабаевди муунтуу ыкмасы менен утуп, зоболосу бийиктеген. Ошондоy кийин "Ахмат" лигасы менен келишим түзгөн. Мушкер Орто Азиядагы жана россиялык бир топ уюмдарда күч сынашып келет. ММА боюнча 12 беттешти утуп, 4 ирет жеңилген.

Sputnik мушкердин үй-бүлөсү тууралуу видео тарткан.